Menu

Видео – УКТнын мүчөсү өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аллардын айтымында, 2021-жылдын март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип,  анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган.

Андан соң, башында эле карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.

Бул факты КЖБРге катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө
жеткирүү) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматы дагы тартылган.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын өздүгү такталып кармалды.

Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1983-жылы туулган М.К. болот. Алынган маалымат боюнча  ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда  турат.

Иликтөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: