Арменияда 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” фракциясынын лидери Гарик Царукян менен жолуккан соң билдирди.
Премьер-министр жолугушууда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоо саясий кризистен чыгуунун эң жакшы жолу деген жыйынтыкка келгенин билдирди.
Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келет.
Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык жыйындарды өткөрүп келатат.
Оппозиция обвиняет Пашиняна в проигрыше военного конфликта в Карабахе. По мирному договору Баку вернул себе значительную часть территории, занятой армянскими войсками в начале 90-х годов. Сторонники премьер-министра утверждают, что ответственность за военное поражение вместе с премьером должны разделить военные и бывшие руководители страны, не подготовившие её к войне.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ