Menu

Жайыл районунан мал уурдоого шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Жайыл районунан мал уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Жайыл районунун ИИБнө Федоровка айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, 17-ноябрь түнкү саат 23:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин сарайынан бир баш жылыкы малын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомдон ашкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 2000-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Москва районунда туулуп өскөн 1999-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин соттолгондугу маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү жаран уурдалган жылкыны башка жаранга сатып жибергени аныкталып, мал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Шектүү шаран убакылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: