Menu

Өмүрбек Суваналиев: “Демократиялык таза шайлоо өткөрүү негизги максатыбыз”

Бөлүшүү:

Баткен облусунун аймагында референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүү аракеттери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 19-мартта КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Баткен облусунда өтүп, ага ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова  катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ө.Суваналиев, мамлекеттик кызматкерлерге кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргоого, коштоп жүрүүгө тыюу салынаарын айтып, административдик ресурс боюнча маселе жаратпоого, мыйзам бузуусуз, ачык, таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу үстүндө иш алып барууну тапшырып, “бизде бийликтин партиясы деген жок, эл кимди тандаса, биз ошол эл өкүлдөрү менен иштөөгө даярбыз” деди. 

Өмүрбек Суваналиев, демократиялык, таза шайлоо өткөрүүдө, облус активине бир канча талаптарды койду. Алар;

-Талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүсүндө, жергиликтүү бийлик органдары бирдей шарт түзүп берүү,

-Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандарды каттоодон өткөрүү, 

-Шайлоочулардын тизмесин тактоодо, каза болгон жарандар боюнча буга чейинки орун алган кемчиликтерди жоюу, 

-Пандемияга байланыштуу  санитардык талаптарды камсыз кылуу,

-Шайлоонун эрежелери боюнча маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарды үзгүлтүксүз элге жеткирүү, 

-ММКнан талапкерлерге бирдей эфирдик убакыт берүү, 

-Светтик өлкө катары, дин өкүлдөрүн шайлоого аралаштырбоо, гендердик теңчиликти сактоо,

-Үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырбоо,

-Административдик имараттарга үгүт жарнактарын илбөө,

-Бюджеттик мекемелерде, талапкерлер менен жолугушууну, иш процессине зыянын тийгизбөө менен шарт түзүп берүү,

-УКМК, прокуратура, ички иштер башкармалыгы, добуш сатып алууга жол бербөө, эгер мындай фактылар катталса катуу чара көрүү. 

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоодо, облус аймагында  референдум боюнча 218, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча 201 шайлоо участкалары иштейт. 

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын экинчи контролдук тизмеси  2021-жылдын 11-мартында толук такталып, 278837  адамды түздү. 

Ал эми референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны  299653  адам. 

Шайлоого карата коомдук тартипти камсыздоо максатында  900гө жакын  ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылат. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: