Menu

Алмазбек Бейшеналиев: “Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз!”

Бөлүшүү:

Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүйдөгү жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга арналган жатак мектепте уюштурулган “Менин ийгиликтүү келечегим” аттуу иш-чарада айтты. 

Окуучулардын социалдашуусуна арналган бул иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер да катышышты.

Иш-чаранын алкагында чыгармачылык аянтчалары уюштурулуп, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка балдардын чыгармачыл эмгектери көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле, иш-чарада тигүү цехинин расмий ачылышы болуп, коноктор “Чебер колдор” ийриминин окуучулары жана алардын иштери менен таанышышты.

Министр Алмазбек Бейшеналиев жатак мектептеги балдарга билим берип, алардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип: “Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз”, – деди. Ошондой эле, министр мугалимдер менен балдарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы мончо куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ошондой эле, лимон өстүрүү үчүн күнөскана курууну жана жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү сиңирүү боюнча окуу өнөрканаларын түзүүнү пландап жатабыз”, – деди жатак мектептин директору Назгүл Мусаева өз сөзүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: