Menu

Улукбек Марипов: “Курулуш тармагын жөнгө салууда маморгандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнестин натыйжалуу өз-ара аракеттешүүсү зарыл”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын «Бирдиктүү терезесинин» иши менен таанышты жана курулуш компанияларынын, Бишкек шаардык мэриясынын жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Өкмөт башчы өлкөнүн курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аталган тармактагы актуалдуу маселелер көтөрүлгөн. Премьер-министрдин маанилүү тапшырмаларынын катарына «Бирдиктүү терезенин» ишин өркүндөтүү, Бишкек шаардык инженердик тармактардын интерактивдүү картасын түзүү боюнча ишти жыйынтыктоо, техникалык шарттарды берүү процедураларын жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, Бишкек шаардык Шаар куруу кеңешинин ишин өркүндөтүү кирген.

Премьер-министр бизнес-түзүмдөр, мамлекеттик органдар, Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары менен өткөрүлгөн жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Көчмө жыйын 19-февралда курулуш компания өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча кандай иштер жүргүзүлгөндүгү менен жеринде таанышуу үчүн өткөрүлүүдө. Курулуш тармагындагы топтолгон маселелер жыйындысын чечүү боюнча олуттуу сын-пикрлер айтылган. Бүгүнкү күндө биздин негизги милдет – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана Өкмөттүн ортосундагы натыйжалуу өз-ара аракеттешүүнү түзүү. Жакын арада Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган Жарлыктар бизнести колдоого жана коргоого багытталган. Жакынкы мезгилде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт, анда инвестицияларды жана ишкерлерди коргоо маселеси каралат», – деди ал.

Улукбек Марипов кошумчалагандай, «Бирдиктүү терезенин» иши ачык, ыкчам, негизгиси, калкыбыз үчүн натыйжалуу болушу зарыл.

«Уруксат берүү документтерин берүү процесси калк үчүн түшүүнүктүү жана ачык болушу керек. Тилекке каршы, бизде жарандар бала-бакча, мектеп жана башка бизнес объектилерди куруу сунушу менен кайрылуусунда, аларга жер жана башка ресурстар жоктугун айтышат. Ал эми көп квартиралуу турак-жай куруу сунушу менен кайрылганда, жер ресурстары табылат. Мындай тандалмалуу мамиле болбошу керек, бардыгы мыйзам алкагында жүргүзлүшү зарыл», – деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы маалымдагандай, протоколдук тапшырманын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн төмөндөгүлөр сунушталууда:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору  Кокочаров Урматбек Курманбековичке сөгүш жарыялоо;

– Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке эскертүү берүү.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга Бишкектин вице-мэри Сагындык уулу Азаматка сөгүш жарыялоо, ошондой эле тартиптик чара көрүү, анын катарында  «Бишкексууканал» башкармалыгынын жетекчиси Мурадин Сейдалиевдин, мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын начальнигинин орун басары Медер Бейшеналиевдин, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыровдун ээлеген кызматтык ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаевге да бир катар кызматтык жактарга карата тартиптик чара көрүүсү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: