Menu

Өзгөндө эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча башталган КР Жазык Кодексинин 130-беренесинин ( адам өлтүрүү) негизинде ачылган сотко чейини өндүрүш ишинин алкагында Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБнин кызматкерлеринин биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрушүндө Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын тургуну, 24 жаштагы Өзгөн районунда туулган Х. А Кыргыз Республикасынын ЖКнин 41-130-бер. 2-бөл. 2,11-п. негизинде (Киши өлтүрүүгө кошо катышуу) шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-бер. негизинде Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилди.

Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: