Menu

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Сулайман-Тоодо 3 күн катары менен Манас айтат

Бөлүшүү:
Манасчы Дөөлөтбек Сыдыков Ош шаарында 3 күн Манас айтат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, манас бүгүн “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музейинде айтылып башталат. Манасчы иш-чараны уюштурууга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди.

“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесине 2013-жылдын 4-декабрында киргизилген. Ошондой эле Гиннесстин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң чоң эпос катары кирген.

Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү үчүн 2020-жылы 13-ноябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: