Menu

Видео – Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссия: “Кумтөрдө” дагы 180 тоннадан ашык таза алтын бар

Бөлүшүү:

Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өндүрүш жайынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү ири кендердин бири саналган Кумтөр алтын кенин иштетүү максатында 1992-жылы Канаданын Торонто шаарында кыргыз өкмөтү “Камеко” корпорациясы менен Башкы макулдашууга кол койгон. Тилекке каршы, кен жайы иштеп баштагандан бери ар кандай талаш-тартыштар менен катар келишимдердеги мүчүлүштүктөр тууралуу ызы-чуу токтобой келет. Ага ылайык, алтын өндүрүшүн иликтөө багытында бир нече комиссиялар түзүлгөн.  Тагыраагы, 2007-жылы парламенттик жана өкмөттүк комиссия, ал эми 2012-жылы учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаров жетекчилик кылган депутаттык жана мамлекеттик комиссия иликтөө жүргүзгөн. Депутат Акылбек Жапаровдун ырастоосунда ошол учурда  Жогорку Кенештин токтому кабыл алынып, бирок чечимдер толук аткарылбай калган. Андыктан, тиешелүү комиссиялардын буга чейинки  чыгарган бардык чечимдерин кайрадан карап, алардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 2021-жылдын 17-февралында жаңы мамлекеттик комиссия ишин баштады.

Бийиктиги  3600-4200 метрге чейинки алкакта жайгашкан “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 4100дөн ашуун адам иштейт. Алардын 98,5%ы Кыргызстандын жарандары. Андан тышкары, комиссия барган учурда компанияда иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруу аракети жигердүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Өндүрүштөгү иш процесси менен таанышкан комиссия мүчөлөрү бир катар сунуштарга токтолушту. Алсак, депутат Эрмамат Тагаев бир нөөмөттө 12-18 саат иштеген жумушчулардын иш убактысын 6 саатка кыскартууну сунуштап, кызматкерлердин саламаттыгы башкы орунда экенин жүйө келтирди. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагында мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анткени, ал жердеги беш мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат.

Андан сырткары комиссия төрагасы Акылбек Жапаров уулуу заттарды сактоо, компанияда иштегендердин эмгек акысын, жөлөк пулдарын толук чегерүү, алардын саламаттыгына кам көрүү, саркынды сууларды сакталуучу жайды коопсуз кармоо маселелерине байланышкан сунуштарды берди. Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева кенди калктын келечеги үчүн пайдалангыдай иштетүү керектигин белгилесе, депутат Ныязбек Арзыбаев бардык кен жана шахталарды иштетүүгө бирдиктүү салык системасын киргизүү зарылчылыгына токтолду.

Депутат Каныбек Иманалиев болсо саркынды сууларда калган болжолдуу 106 тонна алтынды кайрадан иштеп чыгуу керектигин билдирип, бул жаатта жаңы тендер өткөрүү мүмкүнчүгү бар экенин кошумчалады. “Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек,  Кыргызстан Кумтөрдү иштетүү ишканасында 26% үлүшкө ээ. Аталган мекеме 2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которгон. Адистердин айтымында, 500 миң тоннага чейин топурак казылып, 18 миң тоннасы иштетүүгө жөнөтүлгөндөн кийин, күнүнө таза 31 кг алтын алынат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: