Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнүнүн” алкагында Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери министрликтин имаратынын алдына көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан да жер-жерлерде ишембиликтер уюштурулуп, анын алкагында көчөттөр отургузулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ