Menu

Сирияда госпиталь аткыланып, алты киши каза болду

Бөлүшүү:

21-мартта Сириянын Алеппо провинциясындагы Эль-Атариб шаарында госпиталь аткыланып, алты жай тургун каза болду. Бул тууралуу Эл аралык куткаруу комитети билдирди.

Маалыматка караганда, көз жумган алты кишинин арасында бир бала бар. Мындан тышкары 16 адам, анын ичинде беш медик жаракат алды.

Жекшемби күнү эртең менен Түркиянын Коргоо министрлиги Сириянын өкмөттүк артиллериясы Эль-Атарибдеги госпиталга сокку урганын кабарлаган.

Госпиталга жасалган бул чабуул 2020-жылдын мартында жарыяланган Орусия менен Түркиянын убактылуу тынчтык келишимин бузду.

21-мартта Түркиянын «Анадолу» агенттиги Сириянын түндүк-батышында Орусиянын аба соккусунан бир киши каза болуп, экөө жаракат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, соккулар май куюучу жайга, жүк ташуучу унааларга, ошондой эле жергиликтүү гуманитардык уюмдун кампаларынын алдындагы аянттарга жасалган.

20-мартта Эл аралык француз радиосу (RFI) түрк аскерлери Сириянын демократиялык күчтөрү ээлик кылган күрд аймагына сокку урганын жазган. Бул Түркиянын 2019-жылдын октябрь айынан берки алгачкы соккусу болду. Анда Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы «Тынчтык булагы» деген операция баштап, аларды өз чек арасына жакын аймактан сүрүп чыгарган. Түркиянын бул операциясын НАТО өлкөлөрү, анын ичинде АКШ менен Франция айыптаган.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын» маалыматы боюнча андан бери 380 миңден ашык киши каза болсо, алардын 115 миңи жай тургун болуп эсептелет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: