Menu

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды

Бөлүшүү:

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган (бычактан жаракат алган).

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130- (Адам өлтүрүү) беренеси боюнча КЖБР катталган.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Москва районунун ИИБнүн Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам, өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон.

Учурда шектүү Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: