Menu

Шаардык сот Матраимовдордун журналисттик иликтөөлөрдөгү маалыматтарды жарыялоого тыюу салуу жөнүндөгү доо арызын четке какты

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын журналисттерге алар тууралуу мурда жазылган маалыматтарды кайра жарыялоого тыюу салуу тууралуу доо арызын четке какты.

Муну менен шаардык сот февралдын башында Свердлов райондук соту кабыл алган аныктаманы колдоду.

Буга чейин юрист Акмат Алагушев билдиргендей, Матраимовдор журналисттерге каршы негизги доо арызында аларга шек келтирүүчү, чындыкка дал келбеген деп эсептеген материалдарды тиркешкен жана эми ошол маалыматтардын сот ишине байланыштуу көчүрмөсү кайра кайсы бир булактарда жарыяланышына тыюу салууну өтүнүшкөн.

«Доогерлердин өкүлдөрү өз доо арызында келтирилген маалыматтардын жарыяланышына мындан ары тыюу салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Сот аны канааттандыруусуз калтырып, четке какты. Доогерлер ал боюнча эми жеке арыз менен шаардык сотко кайрылышты. Негизги иш каралбай турат», – деди Алагушев.

Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Буга чейинки сот отуруму Раимбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова аты-жөнүн алмаштырганы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан 3-февралга которулган эле.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Эркин Европа» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Эркин Европа» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: