Menu

Милициянын көчмө кабылдамасы кылмыштуулукту жана окуяларды азайтууга гана эмес, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө дагы жардам берет

Бөлүшүү:

Мындан 10 жыл мурун “Коомдук Коопсуздук Демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда алгачкы милициянын көчмө кабылдамасы (МКК) иштей баштаган. Алар мамлекеттик административдик мекемелерден жана уюмдардан алыс болгон аймактарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда натыйжалуулугун көрсөтүштү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Өткөн 2020-жылы милициянын көчмө кабылдамасынын кызматкерлери 10 миңден ашуун каттам жасалып, 10 миңден ашуун арыздарды жана кайрылууларды кабыл алышты. Азыркы учурда өлкө алкагында 43 милициянын көчмө кабылдамасы иштеп, республиканын баардык аймактарын тейлеп келет. Милициянын көчмө кабылдама унаалары радиобайланыш, жумушчу столдор, видео байкоо камералары, компьютерлер жана GPS датчиктери менен жабдылган, алардын ишин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму милициянын көчмө кабылдаманын 33 автоунаасына айына 250 литр бензин бөлүп берсе, калган 10 автоунаа ИИМ тарабынан камсыздалат.

2021 жылдын 19-мартында ИИМдин көчмө кабылдамасы Чүй облусунун эки калктуу конушунда Новопавловка айыл аймагынын Учкун айылында жана “Манас” аэропортунун жанындагы дачаларда болушту. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору, милициянын полковниги Таалайбек Алижанов, Сокулук райондук АОМ башчысы, милициянын майору Бекжан Атабеков менен биргеликте аталган конуштардын башчылары жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, баарлашты.

Учкун айылында айыл башчысы Абдуманап Бигельдиев. Анын айтымында, 1100гө жакын тургундар жашаган айылда абал туруктуу, кылмыш окуялары дээрлик жокко эсе. Мектеп окуучуларын жакынкы Манас айылындагы мектепке өз автобусу менен жеткиришет. Айылда фельдшердик-акушердик пункт бар, жакында жаштар жана балдар үчүн кичи футбол аянтчасы курулду. Жергиликтүү тургундар айылда жашоо кадимкидей жүрөрүн, айылда тез-тез конок каттап тургандыгын милициянын лейтенанты А.Нуралиев белгилеп, бардык жарандардын арыздарына токтоосуз жооп кайтарарын белгилешти. Бирок, дачаларга барганда (айтмакчы, 2017-жылы авиакырсык катталган), конуштун башчысы Туратбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар эч кандай жол менен чечилбей келген көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Биринчиден, алар жайкы жайлардын тургундары деп эсептелгендиктен, жашап турууга уруксат ала  алышпагандыгы көптөгөн көйгөйлөрдүн башаты болуп эсептелет. Шайлоо учурунда добуш бериш үчүн каттоодо турган жерине барышы керек. Ал эми бул жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар жашайт жана алар үчүн шайлоо участкасында урнага кагаз таштоо үчүн гана баруу кыйынчылык жаратууда. Экинчиден, башчынын сөзүнөн мектеп жашындагы балдар Манас айылындагы жана Жаңы-Жер айылындагы мектептерге жолмо жол транспорттон өтүп барышат, өзүлөрүнүн автобусу жок.  Алты
жаштагы окуучулар үчүн үйдө окуу процесси уюштурулган, аларга ата-энелер өздөрү айлык майанасын төлөп келүүдө.

Үчүнчүдөн, айыл өкмөтүнөн үч бөлмө бөлүнүп берилгенине карабастан,    алардын конушунда ФАП жок. Ал тургай, жергиликтүү тургундардан тажрыйбасы бар  медайым бар болгонуна карабастан, саламаттыкты сактоо министирлигинен уруксаат берилбей келет.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токторбаевдин айтымында, алар көптөгөн мамлекеттик мекемелерге,инстанцияларга кат жолдогону менен, бул көйгөй жыл санап чечилбей келүүдө. Азыркы учурда дачада 10 миңдин тегерегиндеги тургундар жашайт,алардын көбү республиканын ар кайсы булуңунан келип жашагандар. Алар дыйканчылык менен мал чарбачылык менен алектенишет. Кээ бирлери “ Манас” аэропортунда иштеш үчүн Бишкек шаарына барып келишет. Ушул каттоосу жок 10 000 жараан,өз мекенинде жашаганы менен укугу тебеленүүдө.

Т.Токторбаевдин айтымында айылда майда уурулук,тоноочулук окуялар болуп турат, бирок ак сакалдар соту жана участковый АОМ барып турушкандыктан айылдагы абал туруктуу.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору Таалайбек Алижанов тургундардын бардык көйгөйлөрүн угуп жана аны чечүү үчүн кандай иш-аракеттерди жасаш керектиги боюнча кеңештерин айтты. Мисалы, ал Саламаттыкты сактоо министрлигине шаар тургундарынын көп сандагы кол тамгалары менен кайрылуу жазып,көйгөйлөрүн чечип берүүнү талап кылууну кеңеш берди. Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин атынан тиешелүү органдар дача жашоочуларынын көйгөйлөрүн кабарлап, алардын чечилишине өз салымын кошо тургандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: