Экс-премьер-министр жана президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштер токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иштерин тергөөнүн натыйжалары боюнча андан ары өндүрүштү токтотуу үчүн негизделген процесстик чечимдер кабыл алынган. Буга Өмүрбек Бабанов жана анын туугандары тарабынан мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылардын жоктугу себеп болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ