Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөзкыматы билдирет.
Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 23-март күнү саат 07:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 66-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Mercedes-Sprinter” үлгүсүндөгү жолдун жээгинде токтоп турган унааны “Mercedes-Sprinter” үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон (аты-жөнү такталууда). КР ӨКМнин куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ