Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын м.а. Изабель Дюранд менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча (ЮНКТАД) баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Пикирлешүүнүн жүрүшүндө бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, бажы тариздөөсүнө кетчү убакытты, коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартууга  мүмкүндүк берүүчү жана өлкө бюджетин толуктоого шарт түзүүчү бажы маалыматтарын иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумунун (ASYCUDA) бетачары тартууланды.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санариптештирүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү жана соода, финансы, технологиялар, инвестициялар маселесин өнүктүрүү боюнча ЮНКТАДдын координациялык борбор катары ролун баса белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздердин уюм менен ар кыл багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирет. Бир катар өлкөлөрдөгү ASYCUDA тутумунун ийгиликтүү ишке ашырылышы аталган тутумдун республикабызда ишке киргизүү мүмкүндүгү, биринчи кезекте бажы процедураларын башкарууну жакшыртып, бюджеттин киреше бөлүгүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенебиз. Биз ASYCUDA тутумун пайдаланууга кызыкдар экенибизди билдиребиз жана ЮНКТАД менен мындан ары карай кызматташууга ниеттенүүдөбүз», – деди ал.

БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд өз кезегинде өз-ара кызыгууну пайда кылган бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: