Menu

“Чоң Казат” партиясынын штабынын мурдагы кызматкери Ислам Болотов Максат Мамыткановду сотко бере турганын айтты

Бөлүшүү:

“Чоң Казат” партиясынын штабынын мурдагы кызматкери Ислам Болотов партиянын мурдагы төрагасы жана экс-вице-премьер-министр Максат Мамыткановду 97 миң сом эмгек акыны бербегени үчүн сотко берүүнү көздөп жатат. Ислам Болотов экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер башкармалыгына жолдогон кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялады.

Анын айтымында, ал кеңсе менеджери болуп 2020-жылдын февраль айында жумушка орношкон.

«Мени партиянын төрагасы Максат Мамытканов жумушка алган. Ал айына 15 миң сом маяна берүүнү убада кылган. Мен офис менеджери болуп жумушка орношсом дагы, күзөтчү да болуп, офити тазалап, кампа башчысынын жумушун жасап, дегеле кеңсенин тегерегиндеги бардык жумуштарды аткардым. Эмгек келишими жана кызматка кабыл алуу буйругу болгон эмес. Алар убакыттын жетишсиздигин айтып, бирок айлыкты сөзсүз беребиз деп убада беришкен”, – дейт Ислам Болотов билдирүүсүндө.

Белгиленгендей, 9 ай иштегендиги үчүн кеңсе менеджерине партиядан 38 миң сом төлөнгөн. Төлөнбөгөн эмгек акынын көлөмү 97 миң сомду түздү.

Ислам Болотов “Чоң Казат” партиясын жана анын мурдагы төрагасы Максат Мамыткановду айлык маянасын төлөп берүүсүн талап кылат. Болбосо, ал пресс-конференция өткөрүп, Максат Мамыткановго каршы сотко расмий кайрылууну көздөп жатат.

Facebook

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: