Menu

Самаркандда Kun.uz басылмасынын кабарчысы коркутууга кабылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы Kun.uz интернет басылмасынын журналисти Анвар Мустафокуловдун арызынын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады.

Журналист арызында жергиликтүү туристтик фирманын кызматкерлери аны келекелеп, коркутуп-үркүтүп, кеңседен кууп чыгышканын жазган. Ал Орусияга авиабилеттердин эмне себептен кымбат сатылып жатканын иликтеп жүргөн.

Kun.uz маалымдагандай, «Пик Индустрия» менен «Технострой» компаниялары мигранттарга 2,5 милилон сум (250 доллар) турган авиабилеттерди 4,5 миллион сумдан (450 доллар) саткан.

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы журналисттин опузага кабылышы боюнча тараптардын көрсөтмөсүн алганын, жакында расмий билдирүү таратарын кабарлады.

Kun.uz басыласы бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Бул арада Самаркандда зомбулук учурлары көбөйгөнү, жергиликтүү бийлик органдары кабарчылар менен блогерлерге начар мамиле жасап жатканы айтылууда.

Өткөн аптада «Эркин Европа» радиосу укук коргоо органдары Daryo.uz интернет басылмасынын башкы редактору Мухрим Аъзамхожаев менен блоггер Кахрамон Аслановду «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырганын жазган.

Аты-жөнүн атабоону өтүнгөн самарканддык жана кашкадарыялык бир нече блогер да укук коргоо органдарына чакырылышканын, сурак учурунда аларды «чет өлкөлүк ММКларга маалымат бербөөнү жана маалыматтарды соцтармактарга жарыялабоону» сурашканын айтышты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: