Menu

Крымда кармалган журналист Есипенкону абакта ток менен кыйнашканы айтылууда

Бөлүшүү:

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында “Крым.Реалии” редакциясынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону Орусиянын ФСБ кызматкерлери эки күн электр тогу менен кыйнашкан. Бул тууралуу “Ґрати” басылмасынын башкы редактору Антон Наумлюк «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

“Башына бир нерсе кийгизип, анан токко туташтырып, ал кичине көнүп калган сайын кубатын жогорулатып турушкан. Ушундай жол менен көрсөтмө алып, кийинчерээк “Крым 24” телеканалына маек да жаздырышкан”, – деди журналист.

Ал Есипенконун кыйноого кабылганын абактагы өз булагы билдиргенин белгиледи.

“Грати” басылмасы Есипенко бул көрсөтмө жарыялангандан кийин тергөөнүн башка суроолоруна жооп берүүдөн баш тартканын жазды. Маалыматка караганда, учурда ага психологиялык басым көрсөтүлүүдө.

“Крым.Реалии” бул маалыматтарды башка булактардан тастыктай алган жок.

Владислав Есипенко 10-мартта Орусия аннексиялап алган Крымда Украинанын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен кармалган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 16-мартта Есипенко Украина үчүн жарым аралда маалымат чогултууга шектелип жатканын билдирген. Атайын кызмат шектүүнүн автоунаасынан “жардыргыч затка окшош” буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

“Эркин Европа” радиосунун президенти Жемми Флай “Кремль аннексияланган Крымдагы альтернативдүү булактарды коркутуп, куугунтуктап жаткан маалда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенконун кармалышы терең кабатырлануу жаратат. Есипенко тезинен бошотулушу керек”, – деп билдирген.

Украиналык укук коргоочулар да бирдиктүү билдирүү жасап, орус бийлигин Есипенкону бошотууга, Украина менен эл аралык коомчулукту Орусияга басымды күчөтүүгө чакырышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: