Menu

ИИМ: Ээсиз калган батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Ээсиз калган батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Аламүдүн -1 кичирайонунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээсиз калган батирлер катары таанылган.

Бүгүнкү күндө бул батирлер мыйзам талабына ылайык  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгынын менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан  Свердлов районунун Муниципалдык техникалык башкармалыгынын  начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш артууда.

Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды. Калган башка даректерде тергөөнүн тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жашоочуларын аныктоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына камсыздоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: