Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын Адил аттуу кичинекей тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Баланын видеокайрылуусу социалдык тармактарда жарыяланды.
Ал үйү Тажикстандын чек арасына аябай жакын болгондуктан, коркуп, жашай албай жатканын айтат. Ал президенттен кыргыз-тажик чек ара маселесин чечип берүүнү суранды.
«Урматтуу Садыр Жапаров, менин атым Адил. Мен Баткен облусундагы Көк-Таш айылынан болом. Былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашаштан корком. Анткени, үйдөн эки метр алыс жерде тажик чек арасы жайгашкан. Бул жерде жашаш аябай кооптуу болуп калды. Сизден чек ара маселесин чечип берүүнү суранам», — деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ