Menu

Орусияда тажикстандык мигранттарга арналган гезит чыга баштады

Бөлүшүү:

Орусияда 10 миң нуска менен тажикстандык мигранттарга арналган «Садои Муходжир» («Мигранттын үнү») деген жаңы гезит чыга баштады.

Басылманын негиздөөчүсү Гуфрон Ваххобов алар журналисттик иликтөөлөр менен көбүрөөк алектенип, Орусиядагы мигранттардын абалы тууралуу такталган маалыматтарды жайылтууга ниеттенип жатышканын билдирди.

«Азыр интернетте маалымат өтө көп, бирок такталгандары аз. Жарандар адашып калып жатышат. Биз ырасталган маалыматтарды чыгарып, алар үчүн жоопкерчилик алабыз. Азырынча гезитти айына бир жолудан тажик жана орус тилдеринде чыгаруу пландалууда», — деди Ваххобов.

Гезиттин 20-мартта жарык көргөн алгачкы санында Орусияда каза болгон тажикстандыктардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү жолдору жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жөлөк пул алуу тартиптери жөнүндө жазылган.

Ваххобов гезит тажикстандык мигранттар көп топтолгон жерлерде бекер таратыларын, кийинчерээк суроо-талап өссө нускасы көбөйтүлө турганын кошумчалады.

Буга чейин Орусияда «Орусиянын тажиктери» жана «Тажикстандыктардын үнү» деген гезиттер чыгып турган. Бирок акыркы жылдары ишмердүүлүгү токтоп, жабылып калган.

2019-жылдан бери Орусияда «Мигранттын радиосу» деген радио обого чыгып, тажикстандык мигранттарга байланышкан маселелерди чагылдырып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: