Menu

Армениядагы аскердик режим алынды

Бөлүшүү:

Армениянын парламенти июнга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү аскердик абал режимин токтотууну колдоду. Бул чечим үчүн 132 депутаттан турган парламенттин 118 мүчөсү «макул» деп добуш берди.

Аскердик абал былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан менен согуш учурунда киргизилген.

Алты аптага созулган куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери киргизилген.

Тоолуу Карабак үчүн кармашта Армения жеңилгенден кийин оппозиция буга премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген. Бир нече аптага созулган саясий кризисти жөнгө салуу максатында 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: