Menu

CPJ казак бийлигин журналисттерди аккредитациялоо тууралуу жаңы эрежени кайра карап чыгууга үндөдү

Бөлүшүү:

Казакстандын бийлиги жаңы кабыл алынган эрежелер сөз эркиндигин чектебей турганын кепилдеш үчүн «Журналисттерди аккредитациялоо тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгышы керек. Бул тууралуу «Журналисттерди коргоо комитети» (Committee to Protect Journalists, CPJ) билдирди.

«Жаңы эрежелер журналисттердин бийлик өкүлдөрүнө ыңгайсыз суроолорду беришине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бул сөз эркиндиги түшүнүгүнүн өзүнө каршы келет», — деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гульноза Саид.

CPJ өкүлдөрү телефон аркылуу байланышкан «Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисти Сания Тойкен жаңы эрежелер «мамлекеттик кызматкерлерди журналисттердин ыңгайсыз суроолорунан коргойт» деп эсептей турганын билдирген.

«Журналисттерди аккредитациялоо тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 27-мартта күчүнө кирет.

Документте журналисттер басма сөз жыйынынын темасын сактап, модератордун талабын аткарууга милдеттендирилген. Казакстандагы сөз эркиндигин коргоо уюмдары менен журналисттер бийлик бул эрежени пайдаланып, өзүнө жакпаган ЖМК өкүлдөрүн «аккредитациядан ажыратышы ыктымал» экенин билдиришкен.

Өткөн жумада өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева бул сындарга жооп берип, жаңы эреже басма сөз жыйынында талкуулана турган теманы башка нукка бурбай, кенен ачып берүүгө багытталганын, журналисттердин укугун чектебей турганын айткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: