Menu

УКМК: Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды

Бөлүшүү:

23-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2- бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

Такталгандай, аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды.

Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 63 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: