Menu

Марлен Маматалиев “Коопсуз шаардын” айып пулдарынын көлөмүн азайтууну сунуштады

Бөлүшүү:

“Экономикалык абал оор, эл кыйналып жатат. Керек болсо, элдер дүкөндө карызга батып, кезекке туруп, кыйналып жатышат. Мына ушундай учурда “Коопсуз шаар” долбоору да нааразычылык жаратып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 25-мартта ЖКнын жыйынында депутат Марлен Маматалиев.

“Коопсуз шаар” өзүнүн проектисин актады деп ойлоп жатам. Бул долбоор менен эреже сактоо тартибин орноттук. Эми убакыт, учур келди, айып пулдардын көлөмүн азайталы. Эгер макулдук берсеңиздер, анда биз мыйзамга өзгөртүү киргизели. Мас болуп унаа айдагандардын эмес, кызыл жол чыгарынан өтүп кеткендерге эмес, башка категориядагылар боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну айтып жатам. Эң негизгиси туум деген нерсе болбойт экен. Адам ансыз деле кыйналып, араң төлөйм деп келсе, үстүнө очойтуп туум да кошулуп жатат. Бул туура эмес”, – деди депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: