Menu

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын (МФЧК) төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтар берилди.

МФЧК төрагасы Канатбек Тургунбеков чалгындоо кызматынын учурдагы ишмердиги жана бул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) 31-пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери тууралуу экинчи отчетун кароонун оң натыйжалары жөнүндө маалымат берди.

Жыйындын жыйынтыгында, өлкөнүн террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү тутумун өркүндөтүү жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишилгени белгиленип, Кыргыз Республикасынын 13 позиция боюнча рейтингин жогорулатуу чечими кабыл алынган.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик чалгындоо кызматы тарабынан, өзгөчө Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик кадр кызматы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен мекемелер аралык өз ара координацияны күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Президент бул чаралар «Мамлекеттик кызматкерлер» жана «Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин» электрондук маалымат базасын жана финансылык мониторинг механизмдерин БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболоруна жана Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун сунуштарына ылайык тез арада түзүп чыгуу керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелчиликтерин азайтуу, ошондой эле мыйзамсыз же кылмыш жолу менен өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтарып алуу боюнча натыйжалуу чараларды тез арада көрүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле ал акыйкат башкаруунун механизмдерин киргизүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн рейтингин жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен бизнес коомчулугунун ортосунда өз ара тыгыз кызматташууну түзүүнүн маанисин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров эң башта коррупциянын жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: