Бүгүн, 25-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 106 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 61, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 40, Баткен облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 758 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 68 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 407ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 30, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 25, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1494кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ