Menu

Депутат Айнура Аскарова Өкмөттү азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, депутат Айнура Аскарова азык-түлүктүн кымбатташы калкка оорчулук туудуруп жатканын белгилеп: “Айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлер үчүн оор сокку болууда. Өкмөт тиешелүү чаралары кабыл алышы керек”, – деди.

Ушул эле маселеге депутат Айнура Осмонова токтолуп: “Бизде тамак ашка керектүү май чыгарган бир эле ишкана бар. Алардын бардык документтери камсыздалган. Бирок иштебей келет. Андыктан, импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган ишкананы Өкмөт колдоого алышы зарыл”, – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп: “Каяктан келип жатат, алар коопсузбу? – деген суроолор көп болууда. Андыктан, парламентке да так маалымат берүү маанилүү” ,- деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: