Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча Жогорку Кеңешке отчет бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, министрлик вакциналар кайдан келген, терс таасирлери кандай, баасы жана башкалар жөнүндө маалымат бериши керек.
“Интернеттен окуп, көрүп жатабыз. Адамдар вакцина сайдыргандан кийин алардын ден соолугу начарлап, каза болуп жаткандарын да көрүп жатабыз. Ошон үчүн министрлик вакцина тууралуу кеңири маалымат берсин. Андан сырткары, COVID-19га каршы эмдөөнү Саламаттык сактоо министрлиги түз эфирде өздөрү баштаса. Элди эмдеп баштаганга чийин, биринчи премьер-министр, министрлер, депутаттар эмделиши керек”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ