Ош облусунун Араван районунда пахтаны кайра иштетүүчү завод бир жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу депутат Улугбек Садыков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Каржы полициясынын каражаттарды адалдоого байланыштуу шек саноолорунан улам жабылган.
“Коллективдин кайрылбаган жери калбады. Президентке, өкмөткө, башка бийлик органдарына бир жылдан бери кайрылып тажашты. Ички иштер органдарынан жана банктардан келген каттар бар, анда Россиядан которулган акча каражаттары мыйзамдуу экени айтылат. Ушуга карбастан, бул иш жабылбай келет”, – деди ал.
Ал ЖКдагы президенттин жана өкмөттүн өкүлүнө аталган маселени чечүү керектигин айтты.
“Бүгүнкү күндө Финансы полициясы пайдасынан зыяны көп болгон үчүн жабылды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын дагы жабыш керек. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашап жатсак, кайра алардын жолун тосуп, иштетпейбиз. Бул деген туура эмес жорук. Аларды колдоп, иштөөгө шарт түзүп бериш керек”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ