23-мартта Өзбекстандын Хорезм облусундагы Үргөнч шаардык соту жарым жылаңач сүмөлөк кайнаткан алты кыздын иши боюнча өкүм чыгарды.
Ага ылайык, үч кыз «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 суткага административдик камакка алынды. Дагы үчөөнүн балдары бар экени эске алынып, 1,22 миллион сум (100 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
21-мартта социалдык түйүндөргө Үргөнч шаарындагы «Сахара» түнкү клубунун бийчилери жарым жылаңач болуп, сүмөлөк бышырып жатканы тартылган видео жарыяланган.
Колдонуучулар бул көрүнүштү кескин сындап, айрымдары кыздарды жазалоо керектигин айтып чыгышкан. Алардын арасында кыздарды коргоп, «кандай кийинсе өздөрүнүн иши» дегендер да болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ