Menu

БУУ Беларустагы шайлоодон кийинки окуяларды иликтөө тууралуу резолюцияны колдоду

Бөлүшүү:

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларуста былтыр август айындагы президенттик шайлоодон кийин болгон окуяларды иликтөө боюнча атайын топ түзүү демилгесин колдоду.

Тиешелүү резолюция үчүн 20 өлкө «макул» деп добуш берди. Жети өлкө, анын ичинде Орусия «каршы» болсо, дагы 20 өлкө добуш берген жок.

Документте беларус бийлигинин нааразылык акциялардын катышуучуларын кууп таратуудагы аракеттери иликтениши керектиги белгиленген.

Буга чейин Amnesty International уюмунун укук коргоочулары Буларустагы тынч митингдердин катышуучуларынын укуктарын коргоо боюнча аракеттерди көрүүгө чакырышкан.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Беларустун коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Акыркы маалымат боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалган. 400дөн ашык адам соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече киши каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тартып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: