Кечээ, 24-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки ондүрүштүн алкагында, Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда, жасалма мамлекеттик номур менен коңшу республикалардын биринде каттаган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгалагандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.
Учурда фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ