Menu

Баткен облустук администрация “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Бурун Аманованын Кадамжайдагы Нургазиев каналы тууралу айткандарын калпка чыгарды

Бөлүшүү:

Кадамжай районундагы Нургазиев туннели Өзбекстан Республикасынын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок, жана тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анткени Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.
Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт. Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек бүгүн 25-мартта, КРнын ЖКнин депутаты Бурун Аманова, демаркация иштеринин жүрүшүндө, Кадамжай районундагы Нургазиев туннелинин башы, Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин сатусун эске алууну белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: