Menu

Токмок шаарында каракчылыкка шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

Токмок шаарында каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн,  25-мартта таңкы саат 01:30 чамасында Токмок ШИИБнө каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт Токмок шаарынын ИИБнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202 (каракчылык) беренесине ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде, белгисиз эки адам 69 жаштагы К.В.нын үйүнө бычак жана балта менен  киришип, аларды  кожоюндары көрүп калып аларга активдүү каршылык көрсөтүшкөн.

Тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүүдө, Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматынын  кызматкерлери тарабынан жана Токмок шаарынын ИИБнүн  КМК кызматкерлери менен биргеликте, кылмышка шектүү деп эки адам аныкташып кармашкан, алар 21-жаштагы Б.А. Нарын облусунун тургуну жана 23-жаштагы С.И. Чүй облусунун тургуну болуп чыгышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: