Menu

УКМК: Баткенде контрабандалык жүк кармалды

Бөлүшүү:

УКМК КР тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында тийиштүү ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 24-мартта КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, издөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан кампада тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү.

Тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кампанын ээси аталган А.А. таандык 212 мүшөк жем, 149 мүшөк арпа, 126 кап буудай жана 77 мүшөк жүгөрү табылып алынды.

Ошол эле учурда, кампаны тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошол эле айылдын тургуну Б.С. таандык 40 тоннага жакын жем, 128 кап селитра жана 158 кап минералдык жер семирткичтер табылган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

22 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: