Menu

Бишкекте Кыргызстандын мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР БИМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана бардык региондордон жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларынын 200дөн ашуун өкүлү жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышышты. 

Белгилей кетсек, форумдун максаты китепканачылардын методикалык чеберчилигин арттыруу, китепкана ишине инновацияларды киргизүү аркылуу башкаруу системасын жакшыртуу үчүн китепкана коомчулугунун өкүлдөрүнүн, мектеп китепканаларынын жана маалыматтык-китепканалык борборлордун тажрыйба алмашуусу жана кесиптик баарлашуусу боюнча аянтчаны түзүү болуп саналат.    

«Китептер балдардын тарбиясына таасир этет. Китепканачылардын иши – ар бир бала үчүн жана жалпы эле мамлекет үчүн стратегиялык жактан маанилүү чөйрө», – деп белгиледи министр, форумдун ачылышында сүйлөп жатып.

Ал ошондой эле китепканалар балдарды өнүктүрүү борборлору болууга тийиш деп белгиледи. «Министрлик китепканаларды заманбап технологиялар менен камсыздоого аракет кылууда. Китепканалар жогорку ылдамдыктагы интернет жана заманбап жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Мындай китепканаларда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, маалымат алып, музыка угууга мүмкүн болгудай шарттарды түзүү керек. Мына ошондо китепканаларга балдар толот», – деди А. Бейшеналиев.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн USAIDдин «Окуу керемет» долбоору боюнча практикалык тренингдер уюштурулду.

Форумдун соңунда «Мектеп китепканачыларынын статусу жөнүндө» резолюцияга кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: