Menu

Кытай Шинжаңдагы абалды сынга алган батыш бренддерине чабуул жасай баштады

Бөлүшүү:

Шинжаңдагы мусулмандарга көрсөтүлүп жаткан коммунисттик режимди сынга алган батыш бренддерине карата Кытай соцтармактарда чабуул жасай баштады.

Технологиялык компаниялар жана мамлекеттик ЖМКлар мамлекеттин көзөмөлүндөгү соцтармактардын колдоосу менен дүйнөлүк мода бренддерине чабуул жасай баштады. Андагы маалыматтарга караганда, Кытайдын белгилүү адамдары Nike жана H&M бренддери менен кол үзүшүүдө. Өлкө люкс кийимдерди чыгарган британиялык Burberry компаниясына бойкот жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин кабарчыларга: «Кытайлыктар айрым чет өлкөлүктөргө кытай күрүчүн жеп, бирок кытай мискейин талкалоого жол бербейт», – деп билдирди. Ал батыш компаниялары кытай базарында акча таап, ошол эле маалда мамлекеттин саясатын сындап жатканына Бээжин макул эмес экенин ишара кылган.

Шинжаң – пахта өндүрүү жана батыштын бренд кийимдерин жеткирүү боюнча дүйнөдөгү алдынкы аймактардын бири.

Бир катар батыш компаниялары, анын ичинде Nike менен H&M буга чейин Кытайдын түндүк-батышындагы адам укуктарынын бузулуп жатканына байланыштуу Шинжаңдан пахта сатып алуудан баш тарткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде кеминде бир миллионго чукул мусулмандар – алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар – Шиңжандагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды «ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери» катары сыпаттап келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: