Menu

Путинден башпаанек сураган түркмөн активисти Орусиядан чыгарылды

Бөлүшүү:

Орусиядан саясий башпаанек сураган түркмөнстандык активист Розгелди Чолиев Түркияга депортацияланды. Ал бул иш боюнча чечим күтүп, дээрлик бир ай Шереметьево аэропортунда жашаган.

Укук коргоочулар Түркия аны мекенине жөнөтүшү ыктымалдыгын, ал жак активисттин өмүрү үчүн кооптуу экенин айтышууда.

Ашхабаддык Чолиев Карачай-Черкес мамлекеттик университетинде дене тарбия факультетинде окуган. 2020-жылы январда ал окуудан чыгып кеткен. Кийин ушул эле универститеттин даярдык курсуна жазылган. Ал Түркмөнстан бийлигин сындаган видеолорду жарыялап жүргөн.

Чолиев 2-мартта Түркиядан Орусияга учуп келгенде чек арачылар анын документтерин кабыл алышкан эмес. 7-мартта активист Орусия президенти Владимир Путинге видеокайрылуу жолдоп, башпаанек сураган. Бир күндөн кийин миграциялык кызмат анын арызын кабыл алган.

18-мартта ФСБнын чек ара кызматы ИИМ өтө жай иштеп жатканын айтып, андан дагы бир жолу документтерди алган. Төрт күндөн кийин тиешелүү органдар ишти кароодон баш тартканы белгилүү болгон. Документте Чолиев Түркиядан башпаанек сураса болмок экени жазылган. Андан соң ал депортацияланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: