Menu

Өзбекстандын айрым аймактарында мал ачкалыктан кырылууда

Бөлүшүү:

Бухара облусунун Пешкун районунда койлор ачкалыктан өлүүдө. Жергиликтүү чабандар аларга тоют жетишпей жатканын, мал кум менен таш аралаш төө тикен жегенге аргасыз болуп жатканын билдиришүүдө.

Пешкун районундагы чөлдүү аймактарда тартылган сүрөттөрдө ондогон койлордун өлүп жатканын көрүүгө болот.

Фермерлердин айтымында, бир тележка чөп 600 миң сумга (57 доллар) чыкты. Буга байланыштуу айрымдар малын арзанына карабай сатууга аргасыз болууда.

Пешкун районунун Ветеринария жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Завхиддин Курбанов фермерлер тоют камдап албагандыктан, койлордун өлүмү катталганын, бирок көйгөй анчалык чоң эмес экенин айтты.

Пешкун району негизинен мал чарбачылыгына ыктайт. Бул райондон Бухарага эле эмес өлкөнүн башка жерлерине да эт жеткирилип турат.

Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү министрлиги былтыр декабрдагы отчетунда эттин баасынын жогорулашына тоют базасынын кыскарганы да себеп болгонун белгилеген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: