Menu

Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Парламенттин экс-депутаты Исхак Масалиев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, чакыруу барагы бүгүн келген. Анда ал күбө катары чакырылганы айтылат.

Экс-депутаттын айтымында, суракка чакырылышына анын 9-марттагы Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга каршы митингге катышуусу себеп болду.

Белгилей кетсек, 9-мартта Бишкекте Баш мыйзамдын долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өткөн. 

Митингдин модератору болгон Тилекмат Кудайбергенов буга чейин социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: