Ошто Ак-Буура суусуна кулаган кыз каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, Ош облусунун Кара-Суу районунда 25-март күнү 18:57 чамасында Төлөйкөн айылынын Даңги тилкесинде Ак-Буура суусуна 1995-жылы туулган кыз жардан кулап түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ