Menu

Фото – Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратыны басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы шоколад, таттуу нан азыктарын жана кондитердик азыктарды чыгарган «Crafers» кондитердик фабрикасындагы өндүрүштүк процесс менен таанышты, ошондой эле кондитердик, таттуу нан азыктарын жана тез даярдалуучу азыктарды чыгарган «Ardent Foods» фабрикасына барды.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов «Gold Moon» зер буюмдарды өндүрүүчү ишканага барды.

Завод заманбап жабдуулар менен жабдылып, жылына  алты миң тоннага чейин зер буюмдарын өндүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Белгиленгендей, жакынкы аралыкта даяр продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда.

Андан соң Өкмөт башчы текстилдик фабрикага жана карапа жабууларын жана плита өндүрүүчү заводго барды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарына, бүгүн, 2021-жылдын 26-мартында өтүүчү Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: