Түркмөнстан Сербиянын «Лазар 3» бронетранспортерунун алгачкы чет өлкөлүк сатып алуучусу болду. Бул тууралуу Ru.Serbia.com сайты кабарлады.
STANAG V/IV коргонуусуна ээ «Лазар-3» бронетехникасына 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, 12,7 же 7,62 миллиметрлик пулеметтор, ошондой эле танкка каршы ракеталар орнотулушу мүмкүн. Үч кишиден турган экипаж 9 жоокерди алып жүрө алат.
«Лазар 3» буга чейин Сербия армиясы үчүн гана өндүрүлүп келген.
Түркмөнстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Европа биримдигинен көптөгөн курал-жарак сатып алат.
Bellingcat иликтөө тобунун маалыматына ылайык, 2008-жылы кабыл алынган репрессиялык өлкөлөргө курал-жарак сатпоо чечимине карабастан, ЕБ 2007-2017-жылдар аралыгында Түркмөнстанга 370 млн еврого курал саткан. Алардын 76% Италияга туура келет.
Дүйнө маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институту (SIPRI) кабарлагандай, Түркмөнстан курал-жарактын 36% Түркиядан, 27% Кытайдан жана 20% Орусиядан алат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ