Menu

Кытайдын вакцинасынан баш тарткан дарыгерлер жок эмес

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова “Эркин Европа” радиосуна Кытайдан чыккан вакцинадан баш тартуунун себептери, ошондой эле, андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөө башталгандан кийин белгилүү болот, деп билдирди.

“Улуттук пландын негизинде вакцинаны кимдер аларын такташыбыз керек. Ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Азыр Интернет булактарына көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат”, – деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө – 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова аталган вакцина менен кыргызстандыктарды эмдеш үчүн эксперттердин илимий-техникалык тобунун бүтүмү чыгышы зарыл экенин айтты. Андай чечим бүгүн – 26-мартта кабыл алынышы мүмкүн.

Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: