Menu

Назира Айтбекова, актриса: “Уулум инилүү болду. Мен да атабызды кубанычтуу кабары менен куттуктайм!”

Бөлүшүү:

Актриса, алып баруучу Назира Айтбекованын мурдагы күйөөсү уулдуу болду. Бул тууралуу ал Instagram cоциалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анда баласы экөөнүн диалогун жүктөп, мурдагы күйөөсүн уулдуу болушун менен куттуктады:

– Апа, билесиңби, мен инилүү болуптурмун! Аталаш болсо деле мейли да ээ?

– Ойиий, абдан кубанычтуу кабар экен! Аталаш болсо деле, бир энеден туулбасаңар деле каныңар бир , балам! Сен эң сонун ага болосуң ага. Сен аны коруйсуң! Куттуктайм, балам!

– Апа, мен чыдамсыздык менен аны менен таанышчу күндү күтүп атам! – деди балам жетине албай! Мен да сүйүндүм . Кадимкидей бир тууганым , же жакын адамым балалуу болгондой сүйүндүм! Мен кыйрата албасам дагы азыркы келинчеги кыйратып, бактылуу кылса экен дейм. Жаратканым күбө. Ичимде таруудай таарынычым, кыпындай арамдыгым жок. Миң таарынтса деле таарына албай койдум ошо кишиге. Тогуз жылыбыз , анан уулубуз үчүн ушундай ыраазымын! Арманым да, кейишим да, өкүтүм да жок. Мен да атабызды кубанычтуу кабары менен куттуктайм! Уулум экөөбүз биздин үйдө төрөлгөндөй эле жыргап атабыз! Дагы көп балалуу болушсун. Уулум бир туугандары менен катташып, ынтымактуу болсо сүйүнөм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: