Menu

Баткенде заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн 26-мартта, Баткен районунда, дене тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Комплекстин ачылышына катышкан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, жалпы райондун жана шаар тургундарын бул саамалык менен куттуктап, калктын саламаттыгын чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган комплекситин ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек заман талабына ылайык, жабык типтеги комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн, ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ишкер, түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: