Menu

Сокулук районунда автоунаа айдап качууга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда автоунаа айдап качууга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын февраль айында Сокулук районунун ички иштер органдарына 1988-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 10-февралынан 12-феврлына чейинки убакыт аралыгында анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы автоунааны айдай качууга шектүү жарандардын өздүктөрү такталып, алардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, материал соттун карросуна жөнөтүлүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү экинчи жаран ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата өзүнчө иш бөлүнүп, өндүрүшкө алынган.

2021-жылдын 24-март күнү Чүй облусунун ИИББдүн жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, изделип жаткан К.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган.

Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: